Бишкек шаарынын мэриясы коммуналдык кызматтар боюнча квитанциялар тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин депутатын коомчулукту адаштырып, муниципалдык кызматтарды каралабоого чакырды.
«Бүгүнкү күндө 800 миңдей шаар тургундары коммуналдык кызматтар үчүн мэрияга төлөм жасайт. Бирок Бишкек шаарында болжол менен 1,5 миллион адам жашайт. Ошондуктан, борбор калаанын мэриясы бирдиктүү квитанция системасын киргизүү боюнча кеңири иш-чараларды баштады, ал аркылуу шаар тургундары бир эле баскыч менен бардык коммуналдык кызматтарды төлөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул иштин жүрүшүндө жаңы абоненттер табылып, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдү жөнөкөйлөтүү ишке ашырылды.
Жашоочулардын санынын көбөйүшү боюнча тиешелүү кызматтар, үй-коммуналдык башкаруучулар же кварталдык жетекчилер тарабынан актылар түзүлдү. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаралып жаткан суроолору боюнча муниципалдык ишканаларга кайрылып, так маалымат алууга жана маселени жеринде чечүүгө чакырат», — деп айтылат маалыматта.
«Тазалык» МИ:
«Бишкекшаарлифт» МИ: 31 44 51.
«Бишкексууканал» МИ: 1533;
•Ленин району боюнча: 56 60 12;
•Октябрь району боюнча: 59 51 61;
•Свердлов району боюнча: 59 55 90;
•Биринчи май району боюнча: 56 60 86;
•Айыл-аймактар (ААР): 59 55 28.