Мэрия: Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөр 1000 сом айыпка жыгылат

Накталай эмес төлөмдөрдү ишке ашыруунун алкагында Бишкектин коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жол киренин төлөнүшү текшерилет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Бул иш-чаралар жол кире акысын накталай эмес жол менен «төлөгөн» делген жүргүнчү «коёндорду» аныктоо максатында көрүлүүдө («Тулпар» карталары жана смартфондор аркылуу төлөгөндүгү «төлөм тарыхы» бөлүмүндө төлөмдүн бардык түрлөрү текшерилет). «Укук бузуулар» кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору буга чейин коомдук талкууга коюлган, ага ылайык, жол кире жана жүктү ташуу акысын төлөбөгөндөргө 1000 сом өлчөмүндө айып салуу каралууда.

«Төлөмдөрдү банктык которуу жолу менен карта же QR код аркылуу жүргүзүңүз, сиздин колдооңуз менен гана биз транспорттук инфраструктураны жакшыртабыз», — деп жазылат мэриянын маалыматында.