Мэрия коомдук транспортто жол кире үчүн накталай төлөмдүн баасын жогорулатууну сунуштап жатат

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттордо накталай төлөм акысын көтөрүүнү сунуштоодо. Тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мындан тышкары, белгилүү бир убакыттын ичинде бир билет менен которууларды жасоого мүмкүндүк берген форманы карап жатат. Учурдагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жол кире баасы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай 20 сом.

Мэриянын түшүндүрмөсүндө мындай сунуш калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга үндөө, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз, сапаттуу ташуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, ошондой эле эксплуатациялык чыгымдарды эске алуу менен киргизилип жатканы айтылат.

Борбор калаанын Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков билдиргендей, накталай жол кире 30-40 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн.