Мэрия милициядан веложолду боёгон активисттерге чара көрүүнү суранат

Мэрия милициядан велосипед жолун жашыл түскө боёгон активисттерге чара көрүүнү суранды. Бул тууралуу журналисттерге муниципалитеттен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Peshcom кыймылынын активисттери Абдрахманов көчөсүнүн жээгиндеги велосипед үчүн тилкени жашыл түскө боёшкон. Бул социалдык тармактардын колдонуучуларынын ар кандай реакциясын жаратты.

Ушул себептен, акимиат Биринчи май РИИБге мыйзамга ылайык аталган кыймылдын активисттерине чара көрүү боюнча кат жөнөттү.