Мэрия: «Ошто стационарларга кайрылгандардын саны суткасына 700 адамга жетип жатат»

Бүгүн, 21-июнда Ош шаарынын мэриясында эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, саламаттык сактоо тармагынын Ош шаарындагы координатору жана штабдын мүчөлөрү катышкан. “Учурда Ош шаарындагы абал оор боюнча калууда. Зарылчылыгы жок болсо, үйдө отуралы. Эл көп барган жайлардан алыс болуп турууга чакырабыз. Эл да бизге жардам берсе, жылыш жакшы болмок. Эгер кырдаал курчуй турган болсо, чектөөлөр кириши мүмүкүн. Муниципалдык ишканаларда 65 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтөт. Ал эми жыйындардын катышуучулары 30дан кем болушу жана санитардык эрежелерди сактоо менен өтүшү зарыл”, — деди вице-мэр.

Маалыматка караганда, учурда стационарда жаткандардын 98и орто оор абалда болсо, 18 адамдын абалы өтө оор. «21-июлга карата коронавируска чалдыккандардын саны — 54. Стационарларга кайрылган жарандардын саны суткасына 700гө жетип жатат. Чалуу борборуна кайрылгандардын саны күнүнө 150-200гө жакын. Учурда жугуштуу ооруларды алдын алуу стационарында 192 бейтап дарыланууда. Алардын 18и өтө оор абалда, 98и оор абалда, ал эми 76сы орто абалда. Бир суткада 17 бейтап жаткырылып, 28и айыгып чыкты. Эмдөө боюнча да ыкчам иштер жүрүп, медицина кызматкерлеринин 80 пайызыкоронавируска каршы вакцина алган», — деп айтылат маалыматта.