Мэрия тургундардан автопоезддин кызматын колдонбоону суранды

Биринчи май акимиаты Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан автопоездди транспорт каражаты катары таануу маселеси боюнча корутунду чыгарылгандыгы тууралуу маалымдайт.
Корутунду шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун жөө жүрүү коопсуздугуна тынчсызданган көптөгөн даттанууларына жооп иретинде чыгарылган. Муниципалдык администрация тарабынан Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын дарегине жогоруда аталган автопоезддерге изилдөө жүргүзүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн. Корутундуга ылайык, автопоезд транспорттук каражат катары таанылган. Ал отургучтары бар сүйрөөчү жана чиркегичтерден турат жана төмөнкү элементтер менен келет:
— көз карандысыз электр булагы менен иштеген электр кыймылдаткычы;
— рул башкаруу;
— дөңгөлөктөр;
— диск токтоткучтары (тормозу).
Ала-Тоо аянтында автопоезддерге каршы түнкү рейддин жүрүшүндө “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык укук бузуучуларга карата эки протокол түзүлгөн. Системалуу түрдө бузуулар болгондо “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 184-беренесинин 2- бөлүгү боюнча жоопкерчиликке алып келет.
Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Өзүңүздүн коопсуздугуңузду камсыз кылуу максатында автопоезддин кызматын колдонбоону суранабыз, көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын кыймылы аныкталган учурда 102 кыска номери боюнча кабарлап коюуну өтүнөбүз.