Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар 1-марттан тартып ачылбайт

Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-марттан тартып ачылбарын Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди өлкөнүн коронавирус боюнча республикалык ыкчам штабы кабыл алган.

“Учурда адистер мектептерди, бала бакчаларды текшерип жатышат. Оорунун белгилери байкалган балдардан ПЦР-тесттер анализдер алынып жатат, сасык тумоо же коронавирус экенин аныктоо максатында. Биз күн сайын коронавирус боюнча республикалык ыкчам штабга маалымат берип турабыз, анан алар чечим чыгарат. Тилекке каршы алар 1-мартта мектептерди жана бала бакчаларды ачууга уруксат беришкен жок”, — деп айтты вице-мэр.

Ошондой эле Чыныбаева азырынча билим берүү мекемелери качан ачылары белгисиз деп билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык башкармалыгы 1-мартта толук кандуу, салттуу режимде мектептер жана бала бакчалар ачылары мүмкүн деп айтышкан болчу.