Мэриядан селфи сүйүүчүлөр үчүн жакшы жаңылык

Бишкек мэриясы селфи жасаганды сүйгөн шаар тургундары үчүн жагымдуу жаңылык менен бөлүштү. Маалыматка караганда, баш калаанын Свердлов районунун акимчилиги «Чыгыш-5» кичирайонунда жөө адамдар жүрүүчү аймакты көрктөндүрүп жатат.

«Кечээ сүрөткө түшүүнү сүйгөн адамдар үчүн кичи-Арбатта чоң  LED экран, Эйфель мунарасынын, Биг-Бендин жана британдык телефон будкасынын селфи макети орнотулду. Ошондой эле быйтыкчалар, оргумасы бар айланып турган глобус, өзүнчө дагы бир оргума орнотулат. Көрктөндүрүү иштери демөөрчүлөрдүн каражатына жасалууда», — деп айтылат маалыматта.

«Чыгыш-5» кичирайонунда жөө жүргүнчүлөр үчүн аймакты долбоорлоо иштери жана курулуш 2019-жылдын сентябрында башталган.