«Металл-Кен» заводунун ишке кириши кийинкиге калтырылды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Чүй облусундагы иш сапарында Кайыңды шаарындагы «Металл-Кен» ЖЧКнын негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүргөн жана кайра иштеткен заводдун иши менен таанышты.

«Бүгүнкү күндө ишкана ачылууга толугу менен даяр, бирок коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аны ишке киргизүү кийинкиге калтырылды. Ишкана 2021-жылдын биринчи кварталында ишке кирет деп ишенем. Быйыл өндүрүштү ишке киргизүүнү пландалганын билем. Кытайдан буйрутмага берилген керектүү жабдууларды жана заводдун жумушчуларын окутуу үчүн адистерди өлкөгө алып келе албай жатканыңыздар менен кабарым бар. Кыргыз өкмөтү бул маселени ыкчам чечүүгө жардам берет», — деди Артем Новиков.

Өндүрүшкө салынган инвестициянын жалпы көлөмү 50 миллион долларды түзөт. Завод толук өндүрүштүк циклге ээ жана металл прокатынын түрүн чыгарат: арматуранын бардык түрлөрү жана сапаттуу металл буюмдары. Өндүрүштүн жылдык пландаштырылган көлөмү 200 миң тоннадан ашык болоттон жасалган буюмдар түзөт. Заводдо 500гө жакын адам иштейт, анын ичинен 200дөн ашууну Кайыңды шаарынын жана жакынкы калктуу конуштардын тургундары.