Метродо толгоосу башталган кыргыз келинге полиция кызматкерлери гүл көтөрүп барышты

Москванын метросунда толгоосу башталып, көз жарган кыргыз келинге полиция кызматкерлери барышты. Тагыраагы төрөткө жардам берген полициянын улук сержанты Алеся Полякова менен прапорщик Алексей Орлов кыргыз келин төрөтканадан чыгып жатканда гүл көтөрүп барып абалын сурап кетишкен.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери да келинге барып көрүшүп, дарыгерлер менен да жолугушкан. Врачтардын айтымында, төрөттүн экстремалдуу шартта өтүшү ымыркайдын ден соолугуна таасирин тийгизген эмес. Аялдын туугандары келин баласынан баш тартты деген маалыматты төгүндөшкөн.

Өткөн аптада кыргыз келиндин метродо көз жарганы, аны полиция кызматкерлери төрөтүп алганы тууралуу маалымат тараган.