Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. 28-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 28-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Ош, Баткен аймактарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +32…+34 градус болот.