Мигранттар Кыргызстанга жарым жылдын ичинде 1,2 миллиард доллар которушкан

2021-жылдын июнунда мигранттар Кыргызстанга 266,9 миллион доллар которушкан, бул өткөн айга салыштырмалуу 39,7 миллион долларга көп. Мындай маалыматты Улуттук банк берди. 

Алты айдын ичинде мигранттар өлкөгө 1 миллиард 253,24 миллион доллар которушкан. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 276,14 миллион долларга көп. Акча которуулардын 97 пайыздан ашыгы Орусиядан келген — 1 миллиард 224,12 миллион доллар. Башка өлкөлодөн Кыргыз Республикасына 6,81 миллион доллар, АКШдан 17,31 миллион доллар которулган.

2021-жылдын январь-июнунда Кыргызстанга акча которуулардын таза агымы 1 миллиард 830 миң долларды түздү. 2020-жылдын аягында республикага акча которуулардын көлөмү 2 миллиард 377,16 миллион долларды түзгөн. Ал эми Кыргызстандан башка өлкөлөргө 488,23 миллион которулган.