Милиция «форманы чечейин анан мушташабыз» деген жигитти издеп жатат

Милициянын кайгуул кызматы видео таратып, андагы жигит изделип жатканын айтты.

«Бул видеодогу милиция формасын кийип турган жаран Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлеринин катарында кызмат өтөбөйт»,- дешти.

Милиция жаранды тааныгандар болсо 0312530181, +996509102122 номурлары аркылуу билдирүүнү суранды. Маалыматтын купуя сырдуулугу сакталат.