Микрофон менен башка чаап жиберген окуя боюнча алып баруучу кыз да үн катты

Буга чейин социалдык тармактарда иш-чарада эркек кишинин алып баруучуларды микрофон менен чаап жиберген видеосу тараган. Видео тараган күнү милиция тарабынан жаран кармалган. Бишкек ШИИБ маалымат таратып, окуя 22-декабрь күнү борбордогу ресторандардын биринде болгонун билдирди.

«Арыз жазган адам мас абалындагы киши коомдук тартипти жана жалпыга тиешелүү жүрүм-турум нормаларын бузуп, иш-чаранын алып баруучуларынын колунан микрофонду алып, атайылап жана себепсиз кол көтөрүп, эскертүүлөрдү кабыл албай, ресторандын коопсуздук кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, микрофонду жерге чаап бузуп салганын, жыйынтыгында 48 миң сом материалдык зыян келтиргенин билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 280-бөлүгү (бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен байланышкан бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен түзүлгөн протоколдун негизинде, 25-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен кармалган жаран 5 суткага камакка алынган»,— дешкен милициядан.

Алып баруучу Чыңгыз Рыскелдиев соцтармактагы баракчасында пост жазып, окуя тууралуу үн каткан.

Ошондой эле алып баруучу кыз Керемет Сабыржанова да пост жазып, аялзатына карата мындай өтө жагымсыз, терс окуялар кайталанбашы үчүн мыйзамдуу укугун коргой турганын билдирди.

«Болуп өткөн соңку жагымсыз окуядан кийин эми гана билдирүү жазууга дарманым жетти. Колдооңуздар үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем!

Мен аялзатына карата мындай өтө жагымсыз, терс окуялар кайталанбашы үчүн мыйзамдуу укугумду коргойм. Башымдын ооруксунганынан дагы эркек кишинин агрессивдүү кебетеси, соккусу көз алдымдан кетпей психологиялык, моралдык жактан жабыркадым. Видеонун тарап кетиши да мага оңой болгон жок. Учурда абалым канааттандыраарлык. Талаптагыдай медициналык текшерүүлөрдөн өтүп жатам»,- деп жазды ал.