«Милдетиңизди ашыгы менен жасагансыз». Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекованы Париж шаарында (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн коло медаль утушу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы спортчуга жетишкен ийгиликтери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, анын кыргыз спортун жана өзгөчө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанисин белгиледи.

“Сиз азыр кандай сезимдерде жашап жатканыңызды түшүнүп турам. Ошентсе да, сизди коло медаль алышыңыз менен куттуктайм! Сизди, биз — жалпы кыргыз эли, кандай болгон күндө дагы, куттуктоого милдеттүүбүз. Биз сиз менен сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Себеби сиз эгемендик жылдарында эркин күрөштү, айрыкча, кыздар арасындагы күрөштү жандандыруунун, улантуунун, өнүктүрүүнүн сап башында турдуңуз, канчалаган кыргыз кыздарынын кумири болдуңуз. Эл аралык деңгээлде далай-далай ийгиликтерди жаратып, тирүү легендага айландыңыз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Айсулуу Тыныбекова сыяктуу спортчулар аркылуу кыргыз спортунун жана жалпы өлкөнүн аброю артып, жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле ал Айсулуунун жетишкендиктери келечек муундар үчүн жакшы стимул болот деген ишенимин билдирди.

“Башыңызды ылдый салбаңыз, мүңкүрөбөңүз! Баш байгени ала албай калдым деп кечирим да сурабаңыз. Сиз кыргыз элинин алдыда жасай турган милдетиңизди эчак эле ашыгы менен жасагансыз, эч кандай карыздар эмессиз! Кыргыз эли сиз менен ар дайым сыймыктанат жана колдойт”, — деп президент кошумчалады.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова мамлекет башчысына жана Кыргызстан элине жылуу сөздөрү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул ага жаңы жеңиштерге жана жетишкендиктерге дем-күч берип жатканын белгиледи.