Милиция 5-апрелден бери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Милиция 5-апрелден баштап күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтөт. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги алдыда өтө турган окуянын маанилүүлүгүн эске алуу менен шайлоону өткөрүү жана даярдануу маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоого багытталган бир катар чараларды көрдү.

«Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагында өлкө аймагында коомчулукту тынчсыздандырган жалган маалыматтарды аныктоо үчүн күнү-түнү мониторинг жүргүзүүдө. Коомдук тартипти жана коопсуздукту бузуу үчүн коркунучтарды алып келген жалган маалыматтарды тараткандарга жана коомдук тартипти бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, айрым адамдар социалдык тармактарда тараткан чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюуну суранат. ИИМ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын эскертет.