Социалдык тармактарда Ак-Ордо-3 конушунда жарандарды көчүрүү менен байланышкан видео тарап жатат. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынан маалымат таратышты.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБге 2024-жылдын 2-октябрындагы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечиминин негизинде, 2025-жылдын 4-мартында мыйзамдуу күчүнө кирген, көрсөтүлгөн дарек боюнча мыйзамсыз курулган турак жайды бузуу тууралуу аткаруу өндүрүшү келип түшкөн.
«Сот чечимдерин аткаруу, анын ичинде көчүрүү жана объектилерди бузуу, тиешелүү ыйгарым укуктардын алкагында сот аткаруучулар тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери көчүрүү иштерине катышпайт жана бул маселелер боюнча процессуалдык чечимдерди кабыл алышпайт. Милиция кызматкерлери аткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн гана тартылган. Бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн», — деп жазылат маалыматта.