Милиция «Алкан» базарындагы бомба тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди

Свердлов РИИБ «Дордой» базарынын ичиндеги «Алкан» базарындагы бомба тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди.

Бүгүн, 21-июлда болжол менен саат 09:55 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Дордойдун» ичиндеги «Алкан» базарына бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Базар курчоого алынып, жарандар жана соодагерлер эвакуацияланган.