Милиция: «Аскердик билетин Болот Темиров колдонгон адам табылды»

Аскердик билетин журналист Болот Темиров колдонгон адам аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, ал жаран бүгүнкү күнү Орусияда. «Ал чындыгында эле аскердик кызматын Кыргызстанда өтөгөн»,— деди ал.

Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, Коргоо министрлигинен Темировдун аскер билетин алганы жана шашылыш түрдө аскердик же альтернативдик кызматты өтөгөндүгү тууралуу маалымат жок экенин билдиришкен эле.