Милиция автобекеттеги абал тууралуу маалымат берди

Автобекеттерде абал туруктуу. Жол кире акысын өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Бишкек мэриясынан 12 автобус алынып, Бишкек-Каракол жана башка багыттар боюнча каттамга киргизилди. Азыркы учурда автобекеттерде абал туруктуу жана баары көзөмөлдө. Жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп алуу фактыларына жол берилбейт»,- дешти.