Милиция Бишкекте самокат, мото жана скутерде жүрүүдө жол кырсыктар көбөйүп жатканын билдирди

Азыркы учурда борборубуздун аймагында жарандардын электр самокаттар жана аз кубаттуулуктагы электр транспорт каражаттары менен жүрүүдөгү жол кырсыктары көп катталууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

«Ага байланыштуу, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул-күзөт Полкунун кызматкерлери тарабынан мото жана скутер жана электр самокат каражаттарын пайдалануучуларынын коопсуздугун жогорулатуу, жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүлүүдө.

Сиздерден жол кыймылынын эрежелерин так сактоону, коргоочу шаймандарды милдеттүү түрдө кийүүнү суранабыз. Эгер сиз жол кырсыгында электр самокат же гироскутер менен жабыркаган болсоңуз, биринчи кезекте «102» телефону аркылуу кабарлашыңыз зарыл», — дешти.