Милиция Бишкектеги «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги «Азия Молл» соода борборундагы адамдардын эвакуацияланып жатканын жазып чыгышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.

«Бүгүн, 11-августта болжол менен саат 13:56да «Азия Молл» соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек ШИИБдин жетекчилиги кетишкен. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери да барышкан. Учурда тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат«,- дешти милициядан.