«Милиция дары сатып берип». Ысык-Көлдө турист 2 баласы менен адашып кеткен

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Орусиядан келген эс алуучуга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Орусиянын Ханты-Мансийск автоном округунан Александр Бостери айылындагы көлдүн жээгине жашы жете элек эки баласы менен эс алууга келген. 9-июль күнү Бишкек шаарында жашаган агасына бармакчы болуп, маршруттук унаалар жөнөчү аялдамага бара жатып, адашып кеткен. Күндүн ысыгында эки баласы менен көпкө чейин калктуу конушту кыдырып, аялдамага жолду табууга аракет кылганына карабастан, жыйынтык болгон эмес.

Ошол учурда, унаа менен кайгуул иштерин жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлерин көрө калып, алардан жардам сурап кайрылган. Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын инспекторлору Таалайбек Мамбетакунов менен Нургазы уулу Азамат туристтин өтүнүчүнө дароо жооп кайтарып, кызматтык унаасына аны балдары менен отургузуп автобекетке сапар алышкан. Бирок ачык күндүн астында көпкө жүрүп калган туристтин ден соолугу жолдо начарлай түшөт.

Жолдо дарыкананы байкаган милиционерлер токтоп, туристке дары сатып беришет. Дарыны ичкенден кийин, көп өтпөй турист өзүн жакшы сезе баштайт. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүп, ден соолугуна коркунуч жок экенине ынанган милиция кызматкерлери Орусиядан келген туристти балдары менен автобекетке алып барып, Бишкек шаарына кетүүчү унаага салып жиберишкен.