Милиция жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү жана Чүй облусун каптаган туман тууралуу эскертет

7-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү жана Чүй облусун каптаган туман тууралуу кайрылып, айдоочуларды этияттыкты күчөтүп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Ар кандай шарттарда жолдордун абалына өзгөчө көңүл буруу керек. Айрыкча, Бишкек-Ош унаа жолундагы “Төө-Ашуу” өтмөгүндө катуу туман байкалууда. Мындан тышкары, Ысык-Ата жана Кемин райондорундагы айланма жолдордо жана тоолуу аймактарда, эс алуу аймактарында туман пайда болуп, транспорттун кыймылын кыйындаштырууда.
Ушуга байланыштуу айдоочуларга төмөнкүдөй сунуштар берилет:
• белгиленген ылдамдык режимин сактоо жана унаалардын ортосунда коопсуз аралыкты кармоо;
• кескин манёвр жасоодон, капыс тормоздоодон жана ашып өтүүдөн алыс болуу;
• жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын, өзгөчө тормоз системасын, жарык берүүчү шаймандарды жана айнек тазалагычтарды текшерүү;
• мүмкүн болушунча аба ырайы турукташканга чейин алыс сапарларга жана тоолуу аймактарга чыгууга убактылуу кармана туруу.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жөө жүргүнчүлөрдү да жолдон өтүүдө өзгөчө этият болууга, жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана караңгы убакта же көрүнүш начар шарттарда жарык кайтаруучу элементтерди колдонууга чакырат. Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыздар!