Милиция: «Жогорку Соттун имаратында бомба бар деген маалымат тастыкталган жок»

Буга чейин Жогорку Соттун кызматкерлери имаратта бомбар бар деген кабардан кийин эвакуацияланган болчу. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден тиешелүү иштер жүргүзүлгөнүн билдиришти.

«Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Маалымат тастыкталган жок. Жогорку Соттун кызматкерлери ишин улантып жатышат»,- деди ал.