Милиция жолдон табылган маркумдун аты-жөнүн кийимдери аркылуу тактоого жардам сурайт

Чүй ОИИБден жансыз денеси табылган эркек кишинин аты такталбай жатканын билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-октябрда саат 04:00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 22-чакырымында 45-50 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

Учурда анын аты-жөнүн, аты-жөнүн тактоого мүмкүн болбой жатканына байланыштуу милиция коомчулуктан жардам сурайт. Номурлар: 43-01-27, 61-69-07.