9-март күнү милицияга Кочкор районуна караштуу Ак-Чий айылынын 1963-жылы туулган тургуну короосунда жайгашкан кампага 1968-жылы туулган аялы кирип, муунуп каза болгонун билдирген. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун денесинин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай күч колдонгон белгилер байкалган эмес. Бул окуя боюнча бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Буга чейин ал аялдын башталгыч класстын мугалими болуп иштерин жана мындай кадамга диплом текшерүүдөн кийин барганы маалымдалган.