Жергиликтүү ЖМКлар Бишкекте милиция кызматкери ажатканага унутуп кеткен тапанчасын таппай жатканын жазган. Бул боюнча ИИМ маалымат берип, курал табылганын билдирди.
«Бул факты боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин 1-бөлүгү (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон. 26-майда жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган жаран табелдик куралды таап алганы аныкталган. Азыркы учурда ал куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Иликтөө жүрүүдө»,- деп айтылат маалыматта.