Милиция кызматкери көлгө чөгүп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү сактап калган (видео)

Каракол-Пристандын көл жээгинен милиция кызматкери чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкери, милициянын старшинасы Акылбек Токталиев өзүнүн кесиптештери менен Каракол-Пристань шаарчасындагы пляжда коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан. Ошол мезгилде, эс алып жаткан 14 жаштагы өспүрүм, теңтуштары менен көлдүн кичинекей аймагын сүзүп өтүүнү чечишкен. Бир нече жолу чабак уруп, жээктен бир аз алыстаганда эле, чөгө баштаган. Анын карындашы болсо, элди жардамга чакыра баштаган. Милиция кызматкери, көлдүн жээгинде чогулган адамдардан биринчилерден болуп, убакыттын ар бир секундасы кымбат экенин түшүнүп, формасын чечпестен көлгө кирип, уландын өмүрүн сактап калууга аракет көрөт.

Чукул көлдүн тереңдиги, өспүрүмдү биринчи эле аракеттен куткарып калууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Кайра демди алып, кайрадан көлгө чумкуганда, милиция кызматкери баланын колунан кармап, аны жээкке чыгарууга үлгүрө алды. Жээктен чөккөн өспүрүмгө жардам көрсөтүлдү. Милициянын старшинасы Акылбек Токталиевдин ыкчам жана билгич аракетинен улам, өспүрүмдөрдүн өмүрүн сактап калган.