Жарылбай калган снаряддардан оолак болгула! Милиция кызматкерлеринен жарандарга эскертүү (сүрөт)

Милициянын көчмө кабылдамасы Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай айыл аймактарында ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Баткен РИИБдин милиция кызматкерлери азыркы күндө 28-29-апрель күнкү чек арадагы куралдуу кагылыштан улам, тажик тараптан оор артиллерия атылып, кээ бир жарылбай калган снаряддардан оолак болушун эскертип түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул аймактарга жүрүп жаткан милициянын кайгуул күзөтү жарандардын коопсуздугун сактоодо топторго бөлүнүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Азыркы учурда бул аймактарда абал туруктуу. Милиция жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 2-майда УКМКнын чек ара кызматы Баткен районунун Ортобоз айылындагы үйлөрдүн биринен жарылбай калган авиациялык ракета табылганын билдирген эле.