Милиция кызматкерлери Temirov LIVE кеңсесин тинтип, иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти

Temirov LIVE YouTube-каналынын журналисттеринин кеңсесине милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылышууда. Бул тууралуу аталган каналдын кызматкерлери билдиришти. Алдын ала маалыматка караганда, укук коргоо органдары Адылбек кызы Айпери аттуу жарандын арызынын негизинде кеңсени тинтип жатышат.

Temirov LIVE YouTube-каналынын менеджеринин айтымында, укук коргоо органдары алгач адвокатты дагы киргизбей, кармап турушту. Temirov LIVE командасынын журналисти Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кеңсеге саат 19:15терде киргенин билдирди. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзүп жатат.

Андан соң милиция кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап, алып чыгып кетишти.