Милиция кызматкерлери ТикТок колдонуучусу менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү

25-январда ТикТок социалдык баракчаларынын биринде видео кайрылуу тараган. Анда үй-бүлөдө зордук-зомбулук болуп, милиция кызматкерлери кайдыгер мамиле кылып жаткандыгы тууралуу айтылган.

Териштирүүнүн негизинде, аталган видео кайрылуудагы жаран Токмок шаарынын тургуну экендиги аныкталып, ИИМдин кызматкерлери Милициянын көчмө кабылдамасы менен Токмок шаарына чыгуусу уюштурулган. Бул видео кайрылуунун негизинде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчылары жана тергөө кызматынын кызматкерлери Токмок шаарына чыгып, бул социалдык баракчасында баяндама берген жаран менен жолугуп, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ИИМдин бөлүм башчылары Коомдук коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат беришип, республиканын ар бир районунда милициянын көчмө кабылдамалары аймактарды кыдырып, элге жолугуп, жарандардын арыз-билдирүүлөрүн жеринде карап, юридикалык кеңештерди берип, өз натыйжалуулугун көрсөтүп келе жаткандыгын айтышты.

«Ушул күнгө чейин бул багытта тегерек столдорду, семинарларды, чогулуштарды өткөрүп келе жатабыз”,- деп баса белгилешти.

Жолугушуунун соңунда, милиция кызматкерлери колдонуучуга жарандык милдетин аткарып, зомбулук көйгөйлөрүнө кайдыгер карабастан өз салымын кошкондугу үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигин билдиришти.