Милиция «мал жайып, көгөрүп кеткен нан жеп жүрөт» деген бала боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди

Социалдык тармактарда «атасы мал жайдырганга таштап кеткен» деген баланын видеосу тарады.

Видеонун авторунун айтымында, ал 2-класстын окуучусу. “Атасы мал жайдырганы таштап койгон. Катып калган, көгөрүп кеткен нан жеп жүрөт. Дыйкандар келип, азык-түлүк таштап кетишет. Үстүндө кийими дагы жок, түнү коркуп чатырдын үстүнө чыгып жатат. Ата-энеси тарабынан толук кандуу камсыздандырылбай, кордолуп жатат”, — деген видеонун автору.

Видео боюнча Талас ОИИБге кайрылганыбызда, жеринде Айтматов РИИБдин кызматкерлери иштеп жатканын, кошумча маалымат беришерин билдирди.