Милиция Айзада Канатбекованын зордукталганын айткан адвокаттын билдирүүсү боюнча үн катты

Бишкек ШИИБ Айзада Канатбекованын зордукталганын айткан адвокаттын билдирүүсү боюнча үн катты.

Мекеменин берген маалыматына караганда, бул иш боюнча ШИИБдин жетекчиси тарабынан атайын тергөө тобу түзүлгөн. Топко тажрыйбалуу кызматкерлер кирген.

“Иш боюнча 27 зарыл экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы чыгарылды жана бардыгы сотко чейинки процесстин материалдарына тиркелди», — деп билдиришти ШИИБден.

Иш боюнча ондогон адамдар суракка алынгандыгы белгиленди. «Ар бир шектүү менен, кылмыш болгон жерге баруу менен атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Тергөө кылдат, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүздү, ошондой эле тергөөнү аяктоо үчүн жетиштүү далилдерди жана материалдарды топтоду», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Айзада Канатбекованын адвокаты анын Замирбек Теңизбаев тарабынан зордукталгандыгын экспертизанын жыйынтыгына таянып айткан эле. Ал мындан тышкары Бишкек ШИИБ окуя боюнча тез арада тергөө иштерин аяктап, ишти сотко өткөрүп салганына нааразы болгон болчу.