Орхан Инандынын кош жарандуулугу боюнча милициянын билдирүүсү

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, Орхан Инанды түрк паспортуна ээ болуп туруп , 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. 

Милициянын берген маалыматы боюнча, Инанды кыргыз паспортуна ээ болуп турганда, 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу болгон түрк паспортун колдонгон жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын 27 жолу кесип өткөн — ал 2014-жылдан баштап 2018-жылга дейре Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия, Түркия жана Индияга учуп жүргөн. 2018-жылдан бери Инанды 9 жолу кыргыз паспортун колдонуп, Орусия, Казакстан жана Индияга учуп барган.

«Ошентип, анын колунда Кыргыз Республикасынын жаранынын жана Түркиянын жаранынын паспорту болгон. Орхан Инанды Түркияда туулуп-өскөн жана Түркия Республикасынын жарандыгынан чыккан эмес», — деп билдиришти ШИИБден. Мындан тышкары, Муниципалдык Ички иштер башкармалыгы 2019-жылы тиешелүү кызматтар Орхан Инандынын кыргыз паспортун алганынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки процесстин алкагында иликтөө иштерин баштагандыгын белгиледи.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.