Милиция “Орус фашисттери кыргыздарды сабап жатат” деген видео боюнча териштирүү баштады

Социалдык тармактарда “Орус фашисттери кыргыздарды сабап жатат” деген тараган видео маалымат боюнча ИИМ үн катты.

Аталган факты боюнча, учурда милиция кызматкерлери видеону изилдеп, текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын билдиребиз. Мындан тышкары, видеого түшүп калган адамдардын жашаган жерин аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Жалган маалымат таратпоону, ошону менен коомчулукту адаштырбооңуздарды суранабыз. Белгилей кетсек, буга тиешеси бар адамдарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Иштин чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат”,- дешти.