Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Сүлүктүдө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан кишини 50дөй адам издеп жатканын билдирген. Милиция жаран тууралуу маалымат берди.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын 1980-жылы туулган тургуну Аширов Замирбек Ибрагимович 20-декабрга караган түнү саат 2:30дарда өзү жашаган үйүнөн чыгып кетип дайынсыз жок болгон.
Бул факты Сүлүктү ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иштери башталган.
«Дайынсыз жоголгон Аширов Замирбек Ибрагимовичтин жүргөн жерин аныктоо максатында, Сүлүктү ШИИБдин өздүк курамынан жана Баткен ОИИБдин кинология бөлүмүнөн атайын топтор түзүлүп, эки кызматтык ит менен издөө иштери жүрүүдө. Бул издөө иштерине милициянын демилгеси менен элдик кошундар жана мергенчилер тартылган»,— деп айтылат маалыматта.