Милиция: «Токмоктогу мал базарда акчасын уурдаткан аксакал эки муктаж адамга жардам берет»

Токмоктогу мал базарда акчасын уурдаткан Манаспай Кадралиев уурулуктун бетин ачкан милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын айтуу менен кайтарылган 120 миң сом акчасын кайрымдуулукка жумшагысы келгенинин билдирип, кайрымдуулукка муктаж эки адамга жардам көрсөтүүнү чечкенин белгиледи. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Октябрь айынын орто ченинде карыя арыз менен кайрылган. Ал арызында 16-октябрда Токмок шаарындагы мал базардан курткасынын төш чөнтөгүнөн жылкы ала турган 120 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты Токмок ШИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бул кылмышка шектелип 39 жаштагы жаран кармалган. Кармалган жаран жабырлануучуга келтирилген чыгымды толугу менен кайтарып берген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин карыянын рак илдетине чалдыккан балага жардам берери маалым болгон.