«Милициянын формасын кийишет». Алдамчылыктын жаңы түрү боюнча маалымат беришти

Акыркы убакта социалдык тармакта жарандар видео кайрылууну активдүү бөлүшүп, анда Whatsapp мессенжери аркылуу болуп жаткан алдамчылык аракеттери тууралуу айтып жатышат.

Тактап айтканда, диалог учурунда видео чалуу аркылуу өздөрүн укук коргоо кызматкерлерибиз деп тааныштырышат, эң эле кооптусу милиция кызматкеринин формасын кийип байланышка чыгышат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Буга байланыштуу, милиция шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун кыраакы болууга, эмоцияга алдырбоого жана негизги коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

— эч кандай шартта мындай адамдар менен диалогго барбоого;

— эгерде сүйлөшүү башталган болсо, анда сизге чалып жаткан кызматкердин жеке маалыматтарын текшерип, анан ал иштеген мекемеге телефон чалып коюңуз;

— белгисиз абоненттик номерлерди, анын ичинде чет өлкөлүк байланыш операторлоруна таандык номерлерди бөгөттөө.

— дароо 24 саат бою иштей турган «102» кыска номуруна чалыңыз.