Милициянын имаратынан секирүүгө аракет кылган жарандын видеосу тарады

Социалдык тармактарда Сокулук РИИБдин имаратынан секирүүгө аракет кылган жарандын видеосу тарады.

Маалыматка караганда, окуя 11-июлда болгон. Секирүүгө аракет кылган жаран менен сүйлөшүп, ал оюнан кайткан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат беришерин айтышты.