Миллиондоп акча ташыган адам кармалды

180 миллион доллар! Дал ушунча акчаны Кыргыз өлкөсүнөн Кытайга ташыган адам кармалды. Финпол тараткан маалыматка ылайык, мекеменин кызматкерлери кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу менен алектенген адамдардын тобун аныктаган.

“Акча Кытайга товарды төлөөгө деп чыгарылып турган. Кылмышка шектүүлөр өз аракеттери менен Кыргыз өлкөсүнүн бюджетине төлөнбөгөн салык иретинде 1 миллиард 100 миллион сом зыян келтирген”, — деп жазылат маалыматта. Жогорудагы иш боюнча Кытайга акча чыгарып бара жаткан Кыргыз жараны 29-октябрда кармалып, эртеси күнү СИЗО-1ге киргизилген.

Финпол мыйзамсыз акча ташыган схемага тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо боюнча тергөө иштерин улантып жатат.