Миллионер тиктокчу Аргенбай: «Интернеттен акча тапса болот экен»

ТикТокто 20 миллионго чукул катталуучусу бар дүйнөгө Арген Sigma деп таанылган тиктокчу жашоодо, үй-булөдө кандай адам? Атактуулук аны өзгөрттүбү? Бул тууралуу Аргенбайдын өзүнө окшогон карындашы айтып бермекчи.

«Мурда акчаны иштеп эле табат деп ойлочумун, көрсө интернеттен акча тапса болот экен. Азыр жарнамалар түшөт, бирок жарнама кылбайм. Менин башкы максатым бар. Жарнама албайм, монетизациядан акча табам. Азыр эгер көрүүчү Европадан болсо акча түшөт», — деди ал.