Минералдык жер семирткичтерди да экспорттоого тыюу салынды

Бүгүн, 18-мартта минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды. Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим жазгы-талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде республиканын айыл чарба тармагын минералдык жер семирткичтер менен өз учурунда жана толук көлөмдө камсыздоо жана аларга карата баалардын жогорулашына жол бербөө максатында кабыл алынды.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жана жергиликтүү фермерлердин маалыматы боюнча, акыркы мезгилде республиканын айрым облустарында жер семирткичтердин запасын коңшу өлкөлөргө реэкспорттоп жиберүү окуялары болгон. Мындай окуяларга жол бербөө, минералдык жер семирткичтердин стратегиялык запасын түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде кармоо жана аларга карата бааны кармап туруу иретинде минералдык жер семирткичтерди Кыргызстандын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды. Аталган тыюу салуу эл аралык транзитти жана өкмөт тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык көмөктү эсепке албаганда, алты айлык мөөнөткө киргизилген.