«Минген атынын өлүгү суудан табылды». Жумгалдагы ата-бала дагы эле табыла элек

21-октябрда ӨКМ маалымат таратып, Жумгалда 45 жана 9 жаштагы жарандар дайынсыз болуп жатканын билдирген. 

Бүгүн, 28-октябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дайынсыз болуп жаткан жарандын карындашы Жибек Самарбекова менен байланышканыбызда, издөө иштеринен майнап чыкпай жатканын билдирди.

Ал 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен уулу 9 жаштагы Бекзат Самарбеков 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жатканы, алар ӨКМге 19-октябрда кабар беришкенин айтты. «Экөө мал кайтарууга кетишкен. Биз мал кайтарып жүрөт го дегенбиз. Акыркы жолу байланышка 16-октябрда 19:47 чамасында чыккан. Ошол бойдон эч ким байланыша алган эмес. Жайлоого барган жарандар малын көрүшүптүр, бирок эч жаман ойлору жок эле, «малы жүрсө, өзүлөрү деле жүрөт» да дешиптир. Кийин минген атынын өлүгү суудан табылды. 

ӨКМ кызматкерлери издеп жатат. Аларга нааразы эмеспиз, бирок шаймандары жок издеп жатышат. Биз ӨКМден дрон, кайык менен издеп берүүсүн суранабыз. Водолаздарды да жөнөтүшсө жакшы болмок»,- деди ал.

ӨКМ маалымат берип, куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта ИИМдин кызматкерлерине көмөктөшүп издөө ишин жүргүзүп жатышканын билдирди.

«ӨКМ ири табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарда, бийик тоолуу аймактарда, тоолордо ошондой эле суу объектилеринде издөө иштерин атайы эреженин негизинде жүргүзүшөт. Алгач аймак чалгындоого алынып, андан соң кошумча күч жана каражаттар тартылат. Мындан сырткары аба ырайы, сууда издөө ишинде суунун тартылышы жана башка шарттар эске алынат»,- дешти.

Дайынсыз болуп, изделип жаткандардын сүрөттөрү жакындарынын макулдугу менен жарыяланды.