Министрлик: «Коронавируска каршы Республика боюнча 867 эмдөө пунктары ачылган жана акыркы эки күн ичинде 26 миң жаран вируска каршы эмдөөдөн өттү»

Коронавируска каршы Республика боюнча 867 эмдөө пунктары ачылган жана акыркы эки күн ичинде 26 миң жаран вируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтымында былтыркы жылга салыштырмалуу COVID-19 менен күрөшүүгө даярдыгы өткөн жылга салыштырмалуу быйыл жакшы. Медициналык мекемелерде да бул жылы медициналык каражаттар жетиштүү.

“Республика боюнча 867 эмдөө пункттары жайгаштырылган. Эки күндө 26 миң жараныбыз эмдөөдөн өттү. Иммундук катмарды жаратышыбыз үчүн сизди эмдөөдөн өтүүгө чакырам. Өлкө боюнча 84 ооруканада 6430 керебет бар, анын 2347си Бишкек шаарында, эртең мененки саатка карата 200гө жакын керебет бош, анын 37си реанимациялык керебеттер. Өлкөдө 668 дарыгер жана 1115 медайым иштейт. Алардын ичинен Бишкек шаарында 346 дарыгер жана 589 медайым бар. Коронавируска каршы күрөшкө даярдык өткөн жылга салыштырмалуу жакшы. 8500 кычкылтек концентратору жана 850гө жакын ИВЛ бар. Дары менен камсыздоо дагы жакшы деңгээлде”,-деди Рахматуллаев.