Министр №91 гимназиядагы окуя боюнча: «Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?»

ТикТок социалдык тармагында мугалим сабак өтүп жаткан учурда түз эфирде отурган окуучулардын видеосу тарап, көпчүлүктүн кыжырын кайнатып жатат. Видеодо окуучунун эжейин көзгө илбей, уят сөздөрдү сүйлөп жатканын угууга болот. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Билим берүү министрлигине кайрылганыбызда, териштирүү жүрүп жатканын айтышкан. Министрликтен видеонун Бишкектеги №91 гимназияда тартылганын билдиришкен.

Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин дал ошол гимназияга барганы маалымдалды. Окуучу кылыгы үчүн кечирим сураган.

“Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең, мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?” — деди ал.

Каныбек Иманалиев мамлекеттик саясат дагы мугалимдерди колдоого багытталганын белгилеп, президент билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Ошондой эле министр кайсы окуучу жакшы эжей, мектеп, билимдин баркы жөнүндө ролик жасаса, окуучуларга атайын сыйлык бере тургандыгын кошумчалады.