12 жылдык билим берүүдө университетте окуу мөөнөтү кыскарып, мектептерде кесиптик билим берүү киргизилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева «Биринчи радиодо» билдирди.
«Азыр мектептеги айрым сабактар ЖОЖго өтүп, ошол жактан дагы окутулат. Бири-бирин кайталап келген сабактар алынат. Мектептерде эффективдүү билим берүү системасы орнотулгандан кийин бакалавриаттын мөөнөтү кыскартылат. Ата-энелер бардык бала жогорку билим ала албасын түшүнүшү керек», — деди Кендирбаева.