Министр: «9 бала кызамыктан каза болду»

Өлкөдө көптөгөн жарандар эмдөөдөн өтпөй жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Көптөгөн ата-энелер өзүлөрү да эмдөөдөн өтпөй жатышат. Ошол эле сасык тумоо, коронавирус, кызамык, гепатит боюнча. Азыр биз Муфтият менен да иштеп жатабыз. Элге да жеткирип жатабыз. 22 миң адам эмдөөдөн өтпөй коюп, 9 бала кызамыктан каза болду. Ал боюнча да биз иштеп жатабыз»,- деди министр.