Министр Балыкчыда сууга түшүп кеткен балдарды куткарган аймактык тескөөчүнү сыйлады

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Балыкчы шаарында муз алдына түшүп кеткен балдарды куткарып калган милициянын участкалык ыйгарымдуу өкүлү милициянын улук лейтенанты Амантур Бакировду сыйлоо тууралуу буйрукка кол койду. Ал «Каармандык» медалы менен сыйланды.

Сыйлыкты алуу үчүн Амантур Бакиров атасынын ИИМдин ардагери отставкадагы милициянын подполковниги Кермакун Давлетбаевдин коштоосунда келди.

Кырсык 8-январда Балыкчы шаарында муз каптаган көлмөдө болгон. 10 жана 12 жаштагы балдар көлмөдө муз тээп жатып, муздун астына сууга кирип кетишкен. Окуя жөнүндө билдирүү Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын ыйгарымдуу өкүлү Амантур Бакиров кесиптештери менен биринчилерден болуп барышкан. Өзүн жип менен байлап, ал балдарга жетип, суудан алып чыгууга жетишкен. Балдар жабыркаган эмес. Бул Амантур Бакировдун биринчи каармандык жан аябас аракети эмес, ал буга чейин да кызды сууда чөгүп, жанын кыймакчы болуп жаткан жеринен сактап калган болчу.