Министр: «Берилген тапшырмалар толук аткарылган жок»

Бүгүн, 19-июнда ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо багытында, көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, андан сырткары жол кырсыктарынын санын азайтуу боюнча берилген тапшырмалар аткарылышы туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Анда кылмыш иликтөө кызматына, тергөө кызматына, коомдук коопсуздук кызматына, жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына бир катар тапшырмалар коюлду.

«Учурдагы эң башкы маселе болгон жол коопсуздугу боюнча жаралган көйгөйлөрдү өткөн аппараттык кеңешмеде карап, тапшырмаларды бергенбиз. Бирок берилген тапшырмалар толугу менен аткарылган жок», — деди министр.

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп, аны сөзсүз аткаруу керек экенин белгиледи.